Кантип бат окуганды үйрөнсө болот? Spritzlet сайты


Сүрөт http://natalisokolova.ru/ сайтынан алынды

Сүрөт http://natalisokolova.ru/ сайтынан алынды

Адамдын көбү орточо алганда мүнөтүнө 120-180 сөз окуйт. Атайын көнүгүүлөрдү аткаруу менен аны бир канча эсе өстүрсө болот. Башкача айтканда, мурда бир китепти окуганга кетирген убакытта эми 3-4 же андан да көп китепти окуганга жетише аласыздар. Бул азыркы заманда эң пайдалуу нерсе.

Негизи адам баласы,  китеп окуу ылдамдыгын кааласа мындан да чоңурак өстүрө алат. Мүнөтүнө 1000 сөзгө чейин окугандар бар. Бирок окумуштуулардын айтымында  бат окуунун эң ыңгайлуу ылдамдыгы – мүнөтүнө 600 сөз. Мындай ылдамдыкта окуган адам баласы окуп жатканын да жакшы түшүнө алат. Ал эми ылдамдыкты андан ары өстүргөн сайын текстти түшүнүү жагы начарлай баштайт.

Көп колдонуучулардын айтымында, биз сунуштап жаткан программа бат окуганга үйрөнүүдө жардамы тиер учурдагы мыкты программалардын бири болуп эсетелет. Анын жардамы менен окуу ылдамдыгын 1000 сөзгө чейин жеткирсе болот. Бул программанын биз үчүн дагы артыкчылык жактары – аны колдонуу жеңил жана беп-бекер!

Spritzlet программасын колдонуу жолу

1. https://spritz.com/spritzlet/ сайтына кирип, төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып “Spritzlet” жазуусу бар көк төрт бурчтук бармакчаны (кнопканы) браузердин тиркемелер тактасына (панель закладок) алып келиш керек. Аны үчүн курсорду көк бармакчага алып келип, чычкандын (мышканын) сол бармакчасын басып жылдырасыңар.

Эгер силердин браузерде тиркемелер тактасы жабык болсо, анда:
– браузериңиз Chrome, Safari, Opera, Internet Explorer болсо бир убакта “Ctrl”, “Shift” жана “B” бармакчаларын баскыла;
– браузериңиз Firefox болсо  “Ctrl” жана “B” бармакчаларын баскыла;

spritzlet1

2. Сиз каалаган сайтка кирип тиркемелер тактасындагы “Spritzlet” бармакчасын баскыла. Сайттагы текст жаңы ачылаган терезечеде белгиленген ылдамдыкта (башында, адатынча мүнөтүнө 250 сөз ылдамдыгында) көрсөтүлө баштайт.

spritzlet2

Эгер силер сайттагы тексттин бардыгы эмес, айрым гана бөлүгү көрсөтүлүүсүн кааласаңар, анда ошол бөлүктү курсор менен бөлүп алып “Spritzlet” бармакчасын баскыла.

spritzlet3

3. Сөздүн көрсөтүү ылдамдыгын өзгөртсө болот. Аны үчүн ачылган терезечеденин оң-ылдый жагындагы чуркаманы ары-бери жылдырып, өзүнөргө ыңгайлуу ылдамдыкты коюп алгыла.

Эскерте кете турган нерсе, бул сайтта катталбаган адам үчүн эң жогорку ылдамдык мүнөтүнө 450 сөз менен чектелет. Эгер бул ылдамдык силер үчүн аздык кыла баштаса – катталгыла. Анда ылдамдыкты мүнөтүнө 1000 сөзгө чейин  жеткиргенге мүмкүнчүлүк аласыңар.

spritzlet4

Дагы бир эскертүү. Бул программада колдонулган шрифттердин кыргызчасы жок экен. Ошондуктан кыргызча текстте кыргыз тамгалары көрсөтүлбөй алардын ордунда боштуктар болот. Бул бир ыңгайсыздыкты жаратат.

Комментарий кошуу