1010's Blog

Бала карап үйдө отурган күйөөдөн тажадым.

Бала карап үйдө отурган күйөөдөн тажадым. Бүлөсүн жалгыз баккан аялдын баяны

Дагы: https://sputnik.kg/society/20180901/1040880743/uj-bulosun-zhalgyz-bakkan-ayaldyn-tagdyry.html

 

 

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсү көп убакыттан бери иштебей үйдө отурган, үй-бүлөсүн жалгыз иштеп баккан аялдын тагдыры баяндалат.

 

Кыз-жигит. Архивдик сүрөт
 
Учурда экинчи күйөөм менен түтүн булатып жаткан кезим. Биринчи жолдошум менен кайненемдин айынан ажырашып кеткем. Анын үстүнө ал мени ала качып кеткендиктен бой сала алган жокмун, өзү да чечкинсиз, мажүрөө адам болчу. Ата-энеме элдин кеп-сөзү тийбесин деп эки балалуу болгуча чыдап жашадым. Бирок кайненем, кайнежелерим ар кайсы шылтоо менен асыла берип, акыры кетип жаным калды. Балдарымды ата-энеме айылга таштап коюп шаарга келип иштедим. Үч жылдан кийин атамдын карындашы аркылуу бир жигит менен тааныштым. Сүйлөгөнү орундуу, оор басырыктуу жакшы адам экен. Экөөбүз бир жылча сүйлөшүп жүрүп акыры баш коштук. Ал да биринчи аялы менен тил табыша албай ара жолго түшүптүр. Бир кызы бар экен, аны апасы ала кетиптир. Туугандарым, ата-энем каршы чыккан жок. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө ал кароолчу болуп иштеп, анда-санда таксист боло калчу.

 

Бирге түтүн булата баштагандан кийин улуу баламды ата-энеме таштап кызымды өзүмө алдым. Андан кийин уулдуу болдук. Бирок мен төрөп үч ай боло элек жатып күйөөм жумушсуз калды. "Кароолчу болуп тажадым" деп ишке барбай койду. "Өзүбүз батирде турсак, акысын кантип төлөйбүз" деп чыйпылыктасам "ушунун акчасына жашай туралы" деп бир күнү барып унаасын сатып салыптыр. Ары-бери чуркап жүрүп ал акчаны коротпой жер участогун алдырып койгом. Көп жумушка барып көрдү, кичине иштеп эле "жакпай калды" деп кайра келет. Айтор, ошентип балам 6 ай болгондо кызым экөөнө каратып коюп тигүү цехине жумушка чыктым. Үйдө отуруп бала карагандан тажайбы десем жок, унчукпай эле бакты. Эртеден-кечке мен тытынып иштей баштадым. Үйдө ызы-чуу ушундан баштады. Уулум бир жашка чыкканда ата-энеме берип, караттым. Күйөөм болсо акча таппаганы аз келгенсип достору менен кечинде кетип калат, бирдеме айтсам "алтыным, жаным" деп мени алдап коет.

 

 
Андан бери бир жылга чукулдап калды, дагы эле туруктуу жумушу жок. Кызмат колдун кири деңизчи, бирок өзүбүз батирде жашасак эркек болгондон кийин үй-бүлөнү багышы керек да. Үйдө отурганы эле болбосо мүнөзү деле жакшы, орой эмес. Кайра анысына жибип кетем. Бирок жалгыз иштей берип тажадым. Ата-энеме да балдарымдын баарын бактыргандан арданам. "Буга кандай эле адам сыягы жок эркектер жолугат" деп жини келип жатат го деп атаман уялчу болдум. Ажырашып өзүнчө жашайын деп эрдин санын көбөйткөндөн корком. Жалгыздык баштан өттү да. Анын үстүнө үйдө эркек болгон баары бир башкача го. Балдарым атанын тарбиясын көрүп чоңойсо дейм…

 

"Психоанализ. кж" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков

Келиндин окуясында психологиялык көйгөй деле көп жок. Бул кырдаалда көбүнчө социалдык маселе бар. Мындай үй-бүлө арабызда өтө көп, кайрылгандар да арбын. Бул нерсени орчундуу маселеге айлантпай келин күйөөсү менен мамилесин жакшыртып ага жардам берсин. Балким, аялы күйөөсүнөн көп нерсе, мисалы, акчасы көбүрөөк жумушта иштесе же эки кабатуу үй салса деп чоңураак нерсе талап кылып жаткандыр. Балким бул киши жөнөкөй эле жумушта иштеп көнгөн чыгар. Колунан келе турган нерсени айтса эркек турат, кыймылдайт. Экөө тең бири-бирин кекетип, коркутуп, кыйынсынбай кеңешип оокат кылганда гана бир нерсе ордунан жылат. Жубайлар бири-биринин колдоосун сезиши керек. Эмне себептен иштебей жаткандыгынын себебин сурасын. Балким эч кимге айтпай жүргөн маселеси бардыр. Үмүттөнүп, талап кылып отурганда майнап чыкпайт. Мисалы, аялы кир жууп жатса эркек "ал менин жумушум эмес" деп жатып алса эч качан экөөнүн мамилеси бекем болбойт. Тескерисинче, балдарынын апасын аяп, суусун алып келип берсе сүйүүлөрү да бекем болуп, үй-бүлө ынтымакта жашайт. Ошол сыяктуу аял дагы ал менин жумушум эмес деп жүрө бербей эркекке, күйөөсүнө колдоо көрсөтүп турушу керек.

 

 
 
Бул келиндин ажырашкым келген жок дегени туура. Анткени үйдө эркек болгону жакшы. Уулдары болсо аларга сөзсүз эркектин тарбиясы керек. Жок дегенде ал атасынан мык какканды же башка бир эркектик сапатын үйрөнөт. Аракеч, майып болсо да же иштебесе да дагы үйдө эркектин болгону психологияда толук кандуу үй-бүлө деп аталат. Үйдө атасы болсо балдары да ишенимдүү жүрөт. Айтпаса да "атама айтам" деген ойду ойлонушат. Үйдө жөн жаткан эркектин да пайдасы бар. Келин жогоруда айткандай жок дегенде баланы карашып, кармалашкан турбайбы. "Алтыным" деп эркелетмек тургай иштебей, ичип, күн көрсөтпөгөн эркек менен деле жашап жаткандар бар го. Андан көрө күйөөсүнө колунан келген колдоосун көрсөтсүн, мамилени бекемдеп чоң нерсе эмес, кичирээк нерсени талап кылып көрсүн.

 

Жалгыздык башынан өтүптүр. Айрым аялдар балдарды жалгыз эле тарбиялап, үлгү көрсөткүсү келет. Бирок алар психологиялык жактан көбүрөөк кыйналышат. Андыктан ажырашуу тууралуу ойлонбогону оң!



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180901/1040880743/uj-bulosun-zhalgyz-bakkan-ayaldyn-tagdyry.html


0 comments